BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Top Story – Kyrgyz

  • Баткен: журналист менен подполковниктин табышмактуу өлүмү

    Баткенде апта башында эки кайгылуу окуя болду. Жергиликтүү журналист кыздын жүрөгү кармап, ооруканада үзүлгөндөн кийин анын артынан Баткен облустук милиция башчысынын бакыйган орун басары жакын тууганынан бычак жеп каза болду.

  • Эмгек акы: бул жылы кимдики канчага көбөйөт?

    Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Би-Би-Сиге берген эксклюзив маегинде судьялардын эмгек акысы 90 миңден 160 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн ырастады. Ошондой эле башка тармактагылардын дагы эмгек акысын көтөрүү боюнча эсеп-чот жүрүп жатканын билдирди. Сөз биринчи кезекте мугалимдер менен дарыгерлердин, маданият ишмерлеринин эмгек акысы жөнүндө болуп жатат.

  • "Өмүрүбүздү сактап калгыла": Бөйрөк оорулуулар президентке арызданышты

    Жасалма бөйрөк менен жан сактап жүргөндөр бүгүн мамлекеттик резиденциянын алдына барып, президент Садыр Жапаровго жолугушту. Президент алардын талабын угуп, чечүүнүн жолун караштырууну убада кылды.

  • Украинадагы согушка каршы жарандык активисттердин соту

    Бишкекте Россия элчилигинин жанына Украинадагы согушту токтотууну талап кылып пикетке чыккан жарандык активисттердин үстүнөн сот өтүп жатат. Сот Өндүрүш Токтонасыровду "майда бейбаштык" беренеси боюнча актап, "укук коргоо органдарынын талабына баш ийбөө" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч миң сом айып пул салды.

  • Украинада курман болгон кыргыз жигити

    Украинадагы согушта курман болгон кыргыз жигити Эгемберди Дорбоевдин сөөгүн Кыргызстанда күтүп жатышат. Анын сөөгүн туулуп өскөн жери Кара-Ой айылына алып келатышканы белгилүү болду. Эгемберди Украинада орус аскеринин катарында согушка катышып, курман болду.

  • Эл каттоо - бүтүндөй элдердин тагдырын чечкен учур

    Кыргызстанда үчүнчү ирет эл каттоо болгону турат. Демографиялык процесстер Фергана өрөөнүндө калктын саны тез өсүшүн болжойт. Бул региондогу суу ресурстарына, азык-түлүккө тартыштык жаратышы мүмкүн.

  • Каада-салтка жамынган ысырапкорчулук жана коррупция

    Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жарлыгынан кийин ысырапкорчулукка айланган той-аш, мааракелерге чектөө киргизүү, сарамжал жашоого өтүү боюнча жер-жерлерде ар кандай аракеттер башталды. Би-Би-Си бул маселенин оош-кыйышын жазуучу жана журналист Папан Дүйшөнбаев менен талкуулады.

  • Украинадагы согуштан качып келген Айнагүл

    Украинадагы согуштун айынан башка өлкөгө качып чыккан кыргызстандыктар мекенине кайта баштады. Тышкы иштер министрлиги 172 жаран Кыргызстанга алынып келингенин билдирди. Ал арада, Украинада дагы ондогон кыргызстандыктар кала берүүдө.

  • Украинага Батыштын куралы жардам берип жатабы?

    Орусиянын учагын Украинанын күчтөрү атып түшүрүүдө. Аскердик аналитиктердин ою боюнча, Батыш жакында эле берген курал-жарактар колдонулуп жатканына далилдер бар.

  • Черниговдогу тозоктун 21 күнү

    “Менин үй-бүлөм үчүн согуш 24-февралда эртең менен саат жетиде  башталган. Агам телефон чалып, калаада ок атылып жатканын айтты. Биз өзүбүз уккан жокпуз. Дагы бир агам чабуул башталып, орус аскерлери чек арадан өткөнүн айтты.”

  • Украина: Путин аброюн сактап калганга аракет кылат

    Эң жаман согуш дагы аяктайт. Көбүн учур, согуш эч кимди толук канааттандырбаган, бирок кан төгүүнү токтоткон келишим менен бүтөт. Душмандар азыраак касташууга өтүп, эски мамилелерин улантышат.

  • "Мен Украинага сүйүү издеп келгем, согуштун аягына чейин турам"

    Сербиялык Сладян жана украиналык Анна алты ай мурун баш кошушкан. Орусия Украина согуш баштаганда алар бул жакта калууну чечишти.

  • Россия-Украина сүйлөшүүлөрү: жылыш барбы жана качан мунаса табылат?

    Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү апта башында бир жарым саатка созулуп, жумушчу топ форматында улантылды. Бул сүйлөшүүлөрдөн эмне жылыш бар жана кол салган Россия менен коргонуп жаткан Украина бири-биринен кандай макулдашууга жетишүүнү көздөп жатат?

  • Украина: согуштан жалтанбаган кыз-келиндер

    Украинада миллиондогон үй-бүлөлөр чачырап, энелер жана балдар көчүрүлүп, эркек кишилер согуш талаасында калды. Ал арада көптөгөн аялдар да кан майданда ыктыярдуу түрдө калууну чечишти. Би-Би-Си кабарчысы ошондой башын тобокелге байлаган украиналык жалтанбас кыз-келиндер менен баарлашты.

Коронавирус

  • Омикрондун жаңы варианты жөнүндө эмнелерди билебиз?

    Учурда дүйнө жүзү боюнча катталган инфекциянын дээрлик жарымынан өтө жугуштуу омикрон варианты чыгууда. Омикрондун BA.2 субварианты мурдагыларга караганда жугуштуураак экени айтылууда, бирок анын таасири катуу болору жөнүндө азырынча жетиштүү маалыматтар жок.

  • Омикрон: Ковидден кийин ден соолукту калыбына келтирүү жолдору

    Ковид менен ооругандан кийин калыбына келүү үчүн физикалык көнүгүүлөрдү аткаруу маанилүү экенин медиктер айтып келишет. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери йога жана фитнеске катышкандардын саны өсүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын соңку кабарларды талдаган радио берүүсү.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Тектеш сайттар